АКШ менен Кыргызстан кандай келишимдерди түзүүгө жетишти?

АКШ менен Кыргызстан кандай келишимдерди түзүүгө жетишти?

АКШ президенти Дональд Трамп менен Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун жолугушуусунан соң Америка Кыргызстан менен өнөктөштүктү чыңдоого багыт алганын АКШ мамлекеттик департаменти билдирди. 

Аталган департаменттин маалымдашынча, лидерлер саясий жана экономикалык байланышты чыңдоо боюнча баарлашышкан. Ошондой эле америкалык жана кыргыз компанияларынын ортосунда Вашингтондун эсеби боюнча миллиарддаган доллар экспорттук киреше менен миңдеген жумушчу орунду камсыздай турган ири коммерциялык макулдашуулар кабыл алынган. 
Жарыяланган макулдашуулардын арасында – All American Rail Group менен “Кыргыз темир жолуУлуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ортосундагы темир жол куруу жөнүндөгү келишим да бар. 

Ошондой эле Citi компаниясы менен “Айыл Банк” кызматташуу меморандумуна кол койгон. Oppenheimer компаниясы “Айыл Банктын” 5 жылдык камсыздалбаган баалуу кагаздык займын 300 млн долларга баалуу кагаздар базарына жайгаштыруу келишимин түзгөн.

Ошондой эле мамлекеттик департамент америкалык авиакомпаниялардын Борбор Азияда болуусун күчөтүүчү жана эл аралык авиа жүк ташууларды кеңейте турган Ачык асман тууралуу макулдашууну аягына чыгаруу прогресси жөнүндо маалымдаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media