С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

С.Жапаров: "Быйыл тышкы карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалды"

Өткөн аптанын аягында Президент Садыр Жапаров соңку беш жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 млрд сом (3,3 млрд доллар) кеткенин фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, карыздын көп бөлүгү быйыл, 2025-жылы төлөнгөн. 

Өлкө башчы алынган карыздын баары экономиканы өнүктүрүүгө, даректүү долбоорлорго жумшалып жатканын белгилеп, мисал катары Камбар-Ата ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун белгиледи. Мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы мурда 68, 84% болсо азыр 42% түзөрүн айтты.

“Карыздардын төлөнчү убагы келгенде бүгүнкүдөй бюджеттин эсебинен төлөбөйбүз. Ар бир долбоор өзүн өзү актайт, өзү төлөйт, өзү кутулат. Мисалы Камбар-Ата ГЭСин алалы. 1,5 миллиард долларды 50 жылга алып жатабыз. Үстөгү жок. Жеңилдетилген мезгил 10 жыл. “Камбар-Атанын” курулушу 7-8 жылда бүтөт. Дароо иштеп баштайт. Иштеп баштаган соң, өзүнөн түшкөн киреше менен 50 жылды биякка кой, 15 жылда эле кутулуп коёт”, - деп жазат С. Жапаров.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тышкы карыз эмес, коммерциялык долбоор экенин кошумчалады. Ушундай ири долбоорлордун дээрлик 90 пайызы бюджетке тиешеси жок экенин жазат ал.  Ошону менен бирге С.Жапаров социалдык долбоорлорго, жолго алынып жаткан насыялар келечекте бюджетке сезилбей турганын белгилеген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media