Кыргызстан быйыл тез өнүгүп жаткан өлкөлөр катарына кириши мүмкүн

Кыргызстан быйыл тез өнүгүп жаткан өлкөлөр катарына кириши мүмкүн

Кыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү экономикасы тез өнүгүп жаткан 5 мамлекеттин катарына кириши мүмкүн экендигин Казакстандын  inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен “Кабар” агенттиги жазды. 

Аталган сайт 2025-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы 10%га өсүп, дүйнөдөгү эң жогорку темпти көрсөткөнүн маалымдаган.  
Дүйнөлүк банктын жаңы божомолу боюнча 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 10,3 пайызга жетип, дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ТОП-5ине кириши мүмкүн. 

Аналитиктердин баамында, мындай өсүшкө ички суроо-талаптын жогорулашы, кызмат көрсөтүү тармагынын жана курулуштун активдүү өнүгүшү, ошондой эле алтындын баасынын тарыхый деңгээлге көтөрүлүшү себеп болгон. Бирок эксперттер белгилешкендей, геосаясий кырдаал жана тышкы рыноктордогу өзгөрүүлөр Кыргызстанга инвестиция агымын жайлатышы мүмкүн.

Адистердин айтымдарында, Кыргызстандын артыкчылыгы — экономикасынын нефтке көз каранды эместиги. Негизги өнүгүү булактары — кызмат көрсөтүү жана кайра иштетүү өнөр жайы.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media