Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 310 млрд сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 310 млрд сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы быйыл январь-октябрь айларында салык жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн пландан ашык чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 10 айдын жыйынтыгы боюнча жалпы 310,4 млрд сом каражат чогултулду. Пландык көрсөткүч 104,3%га аткарылып, 12,7 млрд сомго көп жыйналды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 73,2 млрд сомго көбөйүп, өсүү ыргагы 130,9% болду.

Рахманов салык түшүүлөрүнүн өсүшү салык жүгүн күчөтүү аркылуу эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, процесстерди санариптештирүү жана салыкты ыктыярдуу төлөө деңгээлинин жогорулашы менен камсыз болгонун белгиледи.

Анын айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктык каражаттар 10 ай ичинде 243 млрд сомдон ашты, өткөн жылга салыштырмалуу 66 млрд сомго көп, өсүү 137% түздү. Ошондой эле социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү 10 ай ичинде 66 млрд сомдон ашып, өткөн жылга караганда 6,7 млрд сомго өскөн.

Бул көрсөткүчтөр бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана салык тутумунун туруктуу өнүгүп жатканын тастыктоочу натыйжа экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media