ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы талкууланды

Россия-кыргыз өнүгүү фонду Бишкек шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Гоар Барсегян менен кыргызстандык бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик жолугушуу уюштурду.

Ага 40тан ашык ишкер, алдыңкы компаниялардын жетекчилери, КРнын коммерциялык банктардын өкүлдөрү, КРнын экономика жана соода министри Медербек Туманов жана Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкарма мүчөлөрү Антон Ветошкин менен Бакыт Курманбековдор катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык долбоорлорун каржылоо механизмине катышуунун шарттары тууралуу Гоар Барсегян тааныштырып өттү. Анын айтымында бул демилгенин максаты биргелешкен ишканаларды түзүү, экспортту стимулдаштыруу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай потенциалын чыңдоо  болуп саналат.

Россия-кыргыз өнүгүү фондунун өкүлдөрү бул механизмдин алкагында кыргыз ишканалары каржылоону өтө жагымдуу шарттарда ала ала тургандыгын белгилеп, ЕАЭБдын өнөр жай кызматташтыгын колдоо инструменти Улуттук банктын эсептик ченинин чегинде пайыздык чендерди субсидиялоону караштырат деп билдирди. КРУБ пайыздык ченинин учурдагы деңгээлин эске алганда, Фонддун мындай пайыздык чен менен кредит бериши нөлгө жакындайт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну андан ары тереңдетүү жана ЕАЭБ алкагында өнөр жай потенциалынын жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media