Касымалиев: "Kyrgyz EXPO 2025" эл аралык экономикалык байланыштарды чыңдайт

Касымалиев: "Kyrgyz EXPO 2025" эл аралык экономикалык байланыштарды чыңдайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Kyrgyz EXPO 2025" эл аралык көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты. Ал көргөзмөнү өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыңкы тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу платформа деп баалады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Экономикадагы абал туруктуу жакшырууда. Биз өнөр жайды активдүү жандандырып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз. Ички дүң продуктунун жогорку өсүү темпи Кыргызстанды импорттоочу да, экспорттоочу да катары ишенимдүү өнөктөш катары кароого мүмкүндүк берет. Бюрократияны жоюунун, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнүн аркасында өлкөдө ачык-айкын жана туруктуу ишкердик чөйрө түзүлүп, анда ишкер мамлекеттин толук кандуу өнөктөшү болуп калат», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле "100 өнөр жай ишканасы – 2025" программасынын алкагында бүгүнкү күндө 77 ишкана ишке киргенин кошумчалады.

МинКаб Төрагасы "Kyrgyz EXPO" сыяктуу иш-чаралар жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө, эл аралык байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал катышуучуларга жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жана өз ара пайдалуу келишимдерди түзүүнү каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media