Баалуу кагаздар рыногу инвестиция тартуунун негизги инструментине айланат

Баалуу кагаздар рыногу инвестиция тартуунун негизги инструментине айланат

Фондулук биржа, баалуу кагаз, дивидент же акция – деген сөздөр сизге таанышпы? Маалымат майданында бир катар финансылык терминдер байма-бай кездешкени менен көпчүлүк жарандар анын маани-маңызын билбегендиктен, табышмак бойдон калып келет. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, адистерге даректүү суроо салып, жөнөкөй тилде түшүндүрмө берип турмакчы. Бул жолу Кыргыз Фондулук биржасына кайрылып, аталган мекеменин ишмердүүлүгү жана анын жөнөкөй жарандарга тийгизген таасирин ачыктоого аракет кылдык. Биздин суроолорго Кыргыз Фондулук биржасынын басма сөз катчысы - Аида Мамбеткулова жооп берди.

Фондулук биржа деген эмне? Анын максаты, жөнөкөй жарандар менен байланышы кандай?

Кыргыз фондулук биржасы — бул баалуу кагаздарды (акциялар, облигациялар ж.б.) сатып ала турган электрондук, рыноктогу аянтча. Башкача айтканда, бул — ишканалар менен мамлекет өзүнө каражат тартуу үчүн, ал эми жарандар инвестиция салуу үчүн мүмкүнчүлүк алган платформа.
Анын негизги максаты — ишканаларга жана мамлекетке инвестиция тартуу, капитал рыногун өнүктүрүү жана жарандар үчүн пайдалуу боло турган жаңы финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Жөнөкөй жаранга тийгизген таасири — акчаны жөн гана сактоого эмес, аны жүгүртүп, кошумча киреше алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Фондулук биржанын акционерлери тууралуу маалымат берсеңиз (кантип акционер болуп калышат)?

Азыркы учурда Кыргыз фондулук биржасынын эң ири акционери болуп КРнын Финансы министрлиги саналат, биржанын - 62,17% акциясы мамлекетке таандык. Мындан башка акционерлердин катарында РКӨФР (Республика аралык өнүктүрүү фонду), Стамбул фондулук биржасы, Казакстан фондулук биржасы жана башка өнөктөштөрү бар.
Кыргыз фондулук биржасы жабык акционердик коом болгондуктан, анын акциялары эркин жүгүртүүдө эмес жана жарандар аларды жөнөкөй тартипте сатып ала алышпайт. Акционер болуу маселеси тиешелүү мыйзамдар жана уюштуруучулардын чечимдери менен жөнгө салынат. Ал эми акционер болгондон кийин биржанын ишмердүүлүгүнө катышып, дивиденд алуу жана жалпы жыйындарда добуш берүү укуктарына ээ болот.

Биржа өткөрө турган соода-сатык тууралуу айтсаңыз, ал качан өтөт, кимдер катышат?

Кыргыз фондулук биржасы аркылуу ар кандай баалуу кагаздар боюнча соода-сатык ишмердүүлүгү жүрүп турат. Алар алдын ала белгиленген график боюнча электрондук форматта уюштурулат. Соода-сатык операцияларына лицензиясы бар брокерлер, инвестициялык компаниялар жана банктар катыша алышат. Жөнөкөй жарандар түзмө түз катыша албайт. Бирок, брокердик кызмат аркылуу баалуу кагаздарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалга айтсак, акыркы мезгилдерде МКВ (мамлекеттик кыска мөөнөттүү векселдер) жана МКО (мамлекеттин казыналык облигациялары) боюнча электрондук аукциондор өткөрүлүп жатат.

Кыргыз фондулук биржасынын карамагында канча компаниянын акциялары бар жана анын алдыга койгон пландары кандай?

Бүгүнкү күндө Кыргыз фондулук биржасынын эсебинде 36 компаниянын акциялары жана облигациялары катталган.
2030-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясына ылайык, биржа - баалуу кагаздар рыногун инвестиция тартуунун жана экономикалык өсүштүн негизги инструментине айлантууну максат кылып жатат. Жакынкы жылдары валюталык жана алтын соодаларын, туундулук инструменттерди жана товардык платформаларды ишке киргизүү, IPO (алгачкы ачык жайгаштыруу) өткөрүү үчүн шарт түзүү пландаштырылган. Ошондой эле пенсиялык жана камсыздандыруу фонддорунун катышуусу аркылуу инвесторлордун базасын кеңейтүү каралган.
Бул иш-чаралар өлкөдө заманбап, ачык жана туруктуу финансылык рынокту түзүүгө өбөлгө болот.

Өлкөдө фондулук рыноктун өнүгүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, маалыматтык, укуктук жана инфраструктуралык багыттарда дагы бир топ иш алып баруу зарыл. Кыргыз фондулук биржасы ушул максатта эл аралык тажрыйбаны колдонуп, рынокту өнүктүрүүдө активдүү ролду аткарат.

Мамлекеттик баалуу кагаздар деген эмне? Аны жөнөкөй жаран кайдан алат жана анын кандай пайдасы бар?

Мамлекеттик баалуу кагаздар — бул мамлекет өз муктаждыктары үчүн каражат тартуу максатында чыгара турган облигациялар жана векселдер. Жөнөкөй жаран аларды коммерциялык банктар же брокердик компаниялар аркылуу сатып ала алат.
Бул баалуу кагаздардын негизги артыкчылыгы — коопсуздугу жогору жана туруктуу пайыздык киреше алып келе турган мүмкүнчүлүктөрү бар. Мамлекет кепилдик бергендиктен, бул инструмент башкаларга салыштырмалуу ишенимдүү жана узак мөөнөттүү инвестиция үчүн ылайыктуу.

Жөнөкөй баалуу кагаздар дагы болобу? Эмне үчүн баалуу кагаздар тууралуу маалымат көп ачыкталбайт?

Ооба, Кыргыз фондулук биржасында жеке компаниялардын акциялары жана облигациялары дагы жүгүртүүдө болот. Алар — жөнөкөй баалуу кагаздардын түрлөрү.
Маалыматтын көп ачыкталбаганынын негизги себептери — рыноктун жаңы өнүгүп жаткандыгы менен байланыштуу. Ошондой эле айрым компаниялардын ачык-айрым иштөөсү боюнча маалыматынын жетишсиздиги жана калктын финансылык сабаттуук деңгээлинин жетишсиздигинде болушу мүмкүн.
Анткени менен акыркы жылдары бул багытта олуттуу иштер жүрүп жатат. Мыйзамдарда жана жөнгө салуучу органдардын саясатында - маалыматтардын ачык-айкын болушун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Сиз айтып жаткан финансылык сабаттулукту жогорулатуу үчүн КФБ жарандарга кандай сунуш берет эле?

Кыргыз фондулук биржасы калктын финансылык билиминин деңгээлин жогорулатуу үчүн туруктуу негизде иш жүргүзүп келет. Биздин адистер атайын семинар, окутууларды жана атайын маалыматтык кампанияларды өткөрүп турат. Ал эми сунуш катары кийинки 5 маселеге токтолот элем:

·        Акчаңызды жөн гана сактап отурбастан, аны жүгүртүп, иштетүүнүн жолдорун үйрөнүңүз;
·        Кичинекей сумма менен болсо да инвестицияга салуудан коркпоңуз — тажрыйба алуу маанилүү;
·        Баалуу кагаздар рыногу тууралуу маалыматты расмий булактардан гана алыңыз;
·        Инвестицияны узак мөөнөткө пландаңыз, шашылбай жана ойлонуп чечим кабыл алыңыз;
·        Финансылык сабаттуулук —ийгиликке жетүүнүн ачкычы. Билимди тереңдетүү үчүн издениңиз.

 

Мындан тышкары окуңуз

Камсыздандыруу келишимдеринин саны өстү

Камсыздандыруу келишимдеринин саны өстү

2026-жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасынын каржы секторунда 19 камсыздандыруу компаниясы иштеди. Алардын кирешеси 2025-жылдын I-кварталы менен салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 2,9 млрд. сомду түзгөн. Мындан тышкары, жалпы кирешенин дээрлик 87%дан ашыгы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен болгон. Мындай билдирүүнү КРнын Улуттук статистика комитетинен кабарлашты. Статкомдун билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын январь-март

16 млн сомдук баңгизаттын таралышына бөгөт коюлду

16 млн сомдук баңгизаттын таралышына бөгөт коюлду

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Россия Федерациясынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлгөн масштабдуу эл аралык атайын операциянын натыйжасында, Россиядан Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын жеткирүү боюнча туруктуу трансулуттук канал токтотулду.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, операцияны ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген жарнамалар алынууда

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген жарнамалар алынууда

Бишкекте архитектуралык көрүнүштү жакшыртуу максатында дизайн-коддун талаптарына жооп бербеген жана мыйзамсыз орнотулган жарнамалар алынып салынууда. Бул тууралуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы билдирди. Рейддер Чүй проспектисинде Фучик көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, ошондой эле Жибек Жолу проспектисинен Аалы Токомбаев проспектисине чейинки тилкелерде өткөрүлүп жатат. Мындан тышкары, 2026-жылдын 25-майынан

1-июлдан тарта Россияга кирүү тартиби өзгөрөт

1-июлдан тарта Россияга кирүү тартиби өзгөрөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга карата жаңы эрежелер күчүнө кирерин маалымдайт. Бул тууралуу атлган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясында КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандары үчүн, анын ичинде Кыргызстандын  жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.