Баткен элине арзан көмүр жеткириле баштады

Баткен элине арзан көмүр жеткириле баштады

Баткен шаарынын жана Баткен районунун калкына арзан көмүр жеткирилгенин Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.  

Маалыматта ушул тапта Баткен шаарынын көмүр сатуучу түйүндөрүнө жана Баткен районунун айыл аймактарына, Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринен көмүр жеткирилип бир килограммы 7,50 тыйындан сатылып жатканы айтылат. 
Белгилей кетсек, буга чейин облус башчысы Айбек Шаменов Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ээлери менен жолугуп, калкка арзан көмүрдү шахта ээлери ортомчусуз, түз жеткирүү кызматын көрсөтүү керектигин айткан.

Натыйжада кен казуучулар тарабынан, Баткен шаарына жана Баткен районуна жакынкы аралыкта 20 чоң унаада көмүр жеткирилери маалым болгон.

Ага ылайык жер жерлерде калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы облус боюнча 64 көмүр сатуу түйүндөрү уюшулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү