G20 саммити тарыхта биринчи жолу негизги 3 лидерсиз өтөт

G20 саммити тарыхта биринчи жолу негизги 3 лидерсиз  өтөт

АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путин баруудан баш тартышкандан кийин  КЭР төрагасы Си Цзиньпин да G20 саммитине барбай турганын билдиргенин немис Die Zeit басылмасы жазып чыкты. 

Кытай ТИМи Түштүк Африка республикасынын борбору Йоханнесбургда 21-23-ноябрда боло турган бул саммитке Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян барарын маалымдаган. 

Ошентип тарыхта биринчи жолу G20 саммитиндеги жолугушуу “жыйырымалыктын” эң ири үч мамлекетинин лидерлери жок өткөрүлөт. Келерки жылы аталган саммиттин төрагалыгы АКШга өтөт. Дональд Трамп келерки саммитти өзүнүн гольф-клубунда өткөрүүнү максат кылып жатканын билдирген.

G20 – бул абдан өнүккөн жана өнүгүп жаткан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын расмий эмес клубу. Бул дүйнонүн ири экономикалары биргеликте глобалдык маселелерге карата чечимдерди иштеп чыга турган жана дүйнолүк экономиканы багыттай турган стратегиялык форум. 

G20нын иштеринин айрым багыттары:
Глобалдык экономика жана финансылык туруктуулук. Кризистердин алдын алуу боюнча чараларды талкуулайт. 
Эл аралык соода. Соода эрежелерине жана тоскоолдуктарды азайтууга бирдиктүү бирдиктүү аракеттер түзүлөт. 
Климаттык өзгөрүүлөр жана туруктуу өнүгүү. Лидерлер айлана-чөйрөнү коргоо жана жашы инвестициялар боюнча стратегияларды макулдашышат. 
Жакырчылык менен күрөшүү жана санариптештирүү. Теңсиздикти кыскартуу жана экономикага жаңы технологияларды киргизүү башкы фокуста болот.  

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media