Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү. 

Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет. 

Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген таштардын калдыктары да ыргытылбай алардан кайра башка курулуш материалдары жасалат. Завод ээсинин ишкананын кубатуулугун бара-бара дагы көбөйтүп, айына 20-30 миң квадрат курулуш ташын чыгаруу максаты бар. 

Ишканада азыр 30 адам иштеп, айына 8 миң чарчы гранит курулуш ташын чыгарат. 

Мындан тышкары окуңуз

Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Ушул жылдын октябрь айында Евробиримдик Россияга каршы 19-санкциялар пакетин бекитип, ал Кыргызстандагы "Толубай" жана "Евразийский сберегательный банк" банктарына да тиешелүү болгон. Ошондой эле тизмеге "Олд Вектор" жана "Гринекс" ЖЧКлары киргизилген. Эл аралык кызматташтык боюнча ЕБнин комиссары Йозеф Сикела бул банктар жана компаниялар

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" брендин Кыргызстан өзүнө таандык кылып бекитти

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" брендин Кыргызстан өзүнө таандык кылып бекитти

КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү аземине катышып,  көчмөндөр оюндарынын негизги ролун белгиледи. "Бүгүн биз абдан маанилүү окуяга күбө болуудабыз. Акыркы он жылдыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этникалык маданиятты, көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын жана салттуу спортту жайылтуу боюнча эң ири

Бишкекте "Жаш мугалимдин депозити" программасына жаңы катышуучулар тандалып жатат

Бишкекте "Жаш мугалимдин депозити" программасына жаңы катышуучулар тандалып жатат

Борбор калаанын Билим берүү департаменти "Жаш мугалимдин депозити" программасынын катышуучуларын тестирлөөдөн өткөрдү. Мэриянын маалыматына ылайык, программа жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жаш педагогдорду колдоого, алардын кесиптик компетенциясын жогорулатууга жана Бишкектеги билим берүү уюмдарында ийгиликтүү иш баштоо үчүн шарт түзүүгө багытталган. Тестирлөө — программага катышуучуларды тандоо этаптарынын бири болуп эсептелет жана

Коммерциялык банктардын минималдуу капиталы 5 млрд долларга көтөрүлөт

Коммерциялык банктардын минималдуу капиталы 5 млрд долларга көтөрүлөт

Улуттук банктын башкармалыгы коммерциялык банктардын минималдуу капиталын көбөйтүү сунушун демилгеледи. Коомдук талкууга банктардын уставдык жана менчик (регулятивдик) капиталынын минималдуу көлөмү тууралуу жобонун долбоору чыгарылды. Документ банк секторунун каржылык туруктуулугун күчөтүү, инвесторлор менен кардарлардын ишенимин арттыруу жана банктардын ички жана региондук рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Регулятор жаңы түзүлгөн