Президент АӨБ менен инфраструктура жана айыл чарба долбоорлорун талкуулады

Президент АӨБ менен инфраструктура жана айыл чарба долбоорлорун талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канданы кабыл алды. 

Мамлекет башчысы сөзүнүн башында Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы көп жылдык кызматташтыкты, ошондой эле экономиканын негизги секторлорунда маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сакталып турган оң динамика тууралуу айтып, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. 

Бул контекстте Президент өлкөгө "региондук хаб" макамын алууга мүмкүндүк берүүчү транспорт жаатындагы долбоорлорго көңүл бурду. Ал ошондой эле энергетика жана агрардык секторлорду кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары атады.

Өз кезегинде Масато Канда Азия өнүктүрүү банкы жашыл энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктура тармактарындагы долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады. 

Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда ошондой эле бул долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы жана Кыргызстан менен жемиштүү кызматташуу өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү