АӨБ Кыргызстанга 700 млн каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр

АӨБ Кыргызстанга 700 млн каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр

Азия өнүктүрүү банкы 2025–2027-жылдары Кыргызстанга 700 млн доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин аталган банктын президенти Масато Канда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары макроэкономикалык туруктуулукту камсыздап, оң көрсөткүчтөргө жетишип жатат. Бул АӨБ үчүн Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга негиз болот. 

“Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө болгон ишенимибиздин далили катары биз 2025–2027-жылдар аралыгында 700 млн доллар бөлүүгө даярбыз”,- деди ал.

Масато Канда белгилегендей, өнүгүү үчүн үч негизги багытты эске алуу маанилүү.

“Алар 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын ийгиликтүү аткарылышы, жеке секторду кеңири колдоо жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу. АӨБ бул багыттар боюнча
Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

Биз чакан жана орто бизнести, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду колдойбуз. Келечекте биздин кызматташтыгыбыз мындан да бекемделет деп ишенем”,- деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

5-ноябрда Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышат. Алар өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун жана сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Форумдун максаты — жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу демилгелерин колдоо, алардын

Ишкер Media
Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Ошондой эле

Ишкер Media
Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган. Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media