“Базар” системасы киргизилгенден кийин 10 айда 727 млн сомдон ашык салык жыйналды

“Базар” системасы киргизилгенден кийин 10 айда 727 млн сомдон ашык салык жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” соода-базар комплексинде киргизилген “Базар” маалыматтык системасынын жыйынтыктарын жарыялады. Система пилоттук долбоор катары 2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейин ишке ашырылган. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Бул долбоордун негизги максаты — базар администрациясын салык агенти катары таануу, ишкерлердин салыктык милдеттенмелерин жана камсыздандыруу төгүмдөрүн санариптик жол менен эсепке алуу жана көзөмөлдөө. Жаңы платформа аркылуу салык төлөмдөрүн төлөө, карыздарды онлайн мониторингдөө, соода объекттерин эсепке алуу жана документтерди тапшыруу кыйла жөнөкөй жана ачык болду.

“Базар” системасынын негизги артыкчылыктары:

  • бардык соода түйүндөрү жана ижарачылар онлайн эсепке алынды;
  • салык, социалдык төлөмдөр жана ижара боюнча маалыматтар реалдуу убакыт режиминде мониторинг кылынат;
  • карыздуу объекттер кызыл, төлөнгөн объекттер жашыл түстө көрсөтүлөт;
  • онлайн банк операциялары жана арыздарды тапшыруу мүмкүндүгү камсыздалды.

Пилоттук долбоордун жыйынтыктары:

  • 13 миң 697 салык төлөөчү катталды;
  • 13 миң 890 соода объектиси санариптештирилди;
  • салыктык түшүүлөр үч эсеге көбөйдү — мурун айына болжол менен 30 млн сом чогултулса, азыр 100 млн сомго жетти;
  • 2025-жылдын 10 айында жалпы салык жыйымдары 727 млн сомдон ашты, жыл жыйынтыгы боюнча 1 млрд сомдон ашык каражат түшүүсү күтүлүүдө.
Ийгиликтен соң “Базар” системасы башка базарларга — “Кара-Суу” жана “Мадина”га да киргизилди. Кийинки кадам — санариптик платформаны Кыргызстандагы бардык базарларга жайылтуу.

Салык кызматы белгилегендей, бул система ишкерлердин жумушун жеңилдетип, ашыкча текшерүүлөрдөн сактайт жана мамлекеттин казынасын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Пилоттук долбоордун негизинде Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, базар администрацияларына өз аймагындагы салык төлөөнү көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү күчөтүп жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында туруктуу негизде рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жарандардан түшкөн маалыматтардын негизинде да мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Министрлик Кызыл китепке

Бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн  компенсациялар каралат

Бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн компенсациялар каралат

5-июнда бийик тоолуу аймактарда, алыскы барууга кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонууну жөнгө салуу жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын