Биткоин баасы 86 миң доллардан төмөн түштү

Биткоин баасы 86 миң доллардан төмөн түштү

Биткоиндин баасы кескин төмөндөп, 86 миң доллардан түшкөнүн Казинформ агенттигинин маалыматына шилтеме кылып “Кабар” агенттиги жазды. 

Маалыматка ылайык, криптовалютанын баасынын түшүшүнө АКШдагы эмгек рыногунун аралаш жыйынтыктары себеп болгон. Бул фактор инвесторлордун Федералдык резерв системасы жакынкы айларда пайыздык чендерди төмөндөтөт деген үмүтүн азайтып, рынокто сатуунун жаңы толкунуна жол ачты.

Forexmart маалымдагандай, биткоиндин баасы 6,8%га төмөндөп, 85 702,60 долларды түзгөн.  Биткоин өткөн аптада 8%дан ашык жоготууларга учураган.

АКШнын эмгек рыногу боюнча жарыяланган отчётко ылайык, жумуш орундар саны 119 миңге көбөйгөн, ал эми жумушсуздук деңгээли 4,4%га чейин жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр экономикалык белгисиздикти күчөтүп, инвесторлор арасында тынчсызданууну жараткан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду