9 айда финансы секторунун кирешелери 168,2 млрд сомго жеткен

9 айда финансы секторунун кирешелери 168,2 млрд сомго жеткен

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2025-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 555 уюм иштеп, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 515 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 18 камсыздандыруу компания иш жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, бул убакытта финансы секторунун кардарлар базасы 40%га өсүп, дээрлик 22 миллион адамга жетти. Кардардын көбөйүшү мобилдик банкинг, онлайн кредит берүү системалары жана камсыздандыруу келишимдеринин өсүшү менен байланыштуу.

2025-жылдын 9 айында сектордун суммардык кирешелери 168,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 46%га көбөйдү. Ал эми пайда 64 млрд сомдон ашып, дээрлик эки эсе өскөн. Ишканалардын 61%ы пайда тапкан, 15%ы чыгашага учураган.

1-октябрга карата коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфели 524 млрд сомду түзүп, анын 88%ы банктарга туура келген. Кредит берүүнүн негизги багыттары: жарандардын керектөө муктаждыктары (37%), соода (22,5%), айыл чарба (11,5%) жана ипотека (10,3%).

Мындан тышкары окуңуз

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 23-августунда саат 07:00дөн 24-август саат 19:00гө чейин айрым абоненттерге ысык суу берүү токтотулат. Ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт: * Панфилов көчөсү: 188/2,

Садыр Жапаров "Ырыс Ордо" Конгресс-борборунун ачылышына даярдыкты текшерди

Садыр Жапаров "Ырыс Ордо" Конгресс-борборунун ачылышына даярдыкты текшерди

Президент Садыр Жапаров күн мурун Бишкек шаарындагы "Ырыс Ордо" Конгресс-борборуна барып, объекттин расмий ачылышына карата даярдык иштерин текшерди. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, 14,7 гектар аянтты ээлеген комплекстин курамына борбордук имарат жана расмий делегациялар менен жогорку даражалуу конокторду кабыл алууга арналган сегиз мейман үйү кирет. Конгресс-борбор

Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, иштер "Жибек-Жолу проспектисиндеги Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун жүрүшүндө канализациялык коллектордун диаметри 300 миллиметрден 600 миллиметрге чейин кеңейтилип, жаңы тармак Кулиев көчөсүндөгү шаардык канализациялык коллекторго кошулду. Жалпысынан 1 243 метр