Бакыт Төрөбаев агрардык сектордогу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр санариптешерин айтты

Бакыт Төрөбаев агрардык сектордогу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр санариптешерин айтты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев Digital Farmer Hackathon 2025 инновациялык иш-чарасында агрардык сектордогу мамлекеттик кызмат корсөтүүлөрдү санариптештирүү чаралары боюнча айтып берди.

Анын айтымында, ветеринардык системада бардык ветеринардык иш чараларды, лабораториялык диагностиканы, экспорттук сертификаттарды берүүнү жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнү электрондук форматка өткөрүүчү “Тулпар” системасы киргизилет. Документтер менен изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарандарга жеке кабинет аркылуу берүү пландаштырылып жатат.  

“Биздин өлкөдө 20 млн баш ири мүйүздүү мал, кой, эчки жана канаттуу бар. Ири мүйүздүү малдын саны эле 2 млн баш. Алар жылына эки жолу  эмделет – бул 4 млн контакт”,-дейт  министр. 
Буга улай ал бул тармакта 20 млн бизнес-процесстер бар экенин жана санариптештирүү ачыктуулукту камсыз кылып, фермерлердин ишин жеңилдетерин айтат. Министрдин билдиришинче, өлкөдө 400 миң фермер колдонгон 1,2 млн гектар сугат жер бар. 2023-жылы суу алуу төлөмдөрү 100 млн сом болгон болсо, жаңы системанын кириши менен 2024-жылдын 10 айында суу төлөмү боюнча акча түшүүлөр 380 млн сомго жеткен.  

Мындан сырткары ведомство үрөндүк материал менен бакчалык продукциянын экспертизасы боюнча маалыматтык системаны иштеп чыгып жатат. Протоколдор, экспертизалар жана сертификаттар автоматтык түрдө түзүлүп, электрондук түрдө берилет. Кийинчерээк чарбаларга статус ыйгаруу жана мамлекеттик актыларды берүүнү санариптештирүү пландалып жатат. 

Ошондой эле министр бул чечимдерди ишке ашыруу үчүн министрликке программалоо, аналитика жана дизайн жаатындагы адистердин сунуштары керек экенин айтат. Анын айтымында, хакатондо көрсөтүлгөн  жакшы идеялар пилоттук режимде ишке киргизилип, ведомствонун маалыматтык системасына интеграцияланат. 


 

 

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таза суу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 27-октябрда Ат-Башы айылында өткөн жолугушууда тургундар казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканын, курулуш иштеринин жай жүрүшүн

Ишкер Media
Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Кыргызстанда балдарды бала бакчага жана мектепке каттоо, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө, мугалимдерди жумушка алуу жана жеке мектептерди лицензиялоо кызматтары электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы санариптик кызматтарды бириктирген “Билим” порталы (bilim.gov.kg) түзүлгөн. Ага ылайык: * ата-энелер “Балалык” платформасы аркылуу балдарын бала

Ишкер Media
Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган. Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга

Ишкер Media
Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.

Ишкер Media