Бүгүн Бишкекте ЖККУнун коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн Бишкекте ЖККУнун коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн "Ынтымак Ордо" имаратында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйынга президент Садыр Жапаров төрагалык кылып, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон катышат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландалып жатканы маалымдалган.

Эске салсак,  2026-жылы ЖККУдагы төрагалык Кыргызстандан Россияга өтөт. Кечээ, 26-ноябрда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Кыргызстанга келишкен. Мамлекет башчылары саммиттин алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышышты.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таза суу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 27-октябрда Ат-Башы айылында өткөн жолугушууда тургундар казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканын, курулуш иштеринин жай жүрүшүн

Ишкер Media
Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Кыргызстанда балдарды бала бакчага жана мектепке каттоо, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө, мугалимдерди жумушка алуу жана жеке мектептерди лицензиялоо кызматтары электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы санариптик кызматтарды бириктирген “Билим” порталы (bilim.gov.kg) түзүлгөн. Ага ылайык: * ата-энелер “Балалык” платформасы аркылуу балдарын бала

Ишкер Media
Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган. Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга

Ишкер Media
Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.

Ишкер Media