Кыргызстанда бардык постсоветтик өлкөлөр суктана турган  өнүгүү темпи болуп жатат

Кыргызстанда бардык постсоветтик өлкөлөр суктана турган  өнүгүү темпи болуп жатат

Кыргызстанда бардык постсоветтик өлкөлөр суктана турган  өнүгүү темпи менен макроэкономикалык көрсөткүчтөр болуп жатканын Россия илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун улук илимий кызматкери Андрей Грозин билдирди.  

 Анын айтымында, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү, транспорттук тармак менен логистикада, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин маяналарынын жогорулашы – мунун баары мамлекеттин ичиндеги коопсуз климат жана  анын айланасында камсыз болуп жатат. 

 Эксперт ЖККУ бул уюмга мүчө мамлекеттерде жана Борбор Азияда туруктуулукту камсыз кылуучу бирден-бир институт болуп каларын кошумчалаган. 

 Буга улай ал дүйнө жүзүндө жаңжал, согуштар көбойуп жатканын жана глобалдык турбуленттүүлүк жаңы норма болуп калганын айткан. “Борбор Азия аймагына  азырынча андай кырдаалдар билинер-билинбес гана таасир этип жатат, бирок тобокелдиктер жылдан жылга көбөйүп бара жатат”,-дейт ал.   

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен