Кыргызстан ЭКУда экономикалык интеграцияны күчөтүүнү сунуштады

Кыргызстан ЭКУда экономикалык интеграцияны күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 29-жыйынына онлайн-режимде катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында делегациялар аймактагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана гуманитардык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашты. Министр Кулубаев ЭКУнун потенциалын толук пайдалануу жана экономикалык интеграцияны күчөтүү боюнча жаңы практикалык кадамдардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Негизги багыттар:

  • Транспорт: транзиттик-транспорттук алакаларды кеңейтүү артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.
  • Энергетика: CASA-1000 долбооруна негизделген ЭКУнун бирдиктүү энергетикалык тутумун түзүү сунушталды. Мындан тышкары “Таза энергия борбору” Уставынын күчүнө кириши кубатталды.
  • Инновациялар: IT-парктардын платформаларын, жасалма интеллект, е-коммерция жана киберкоопсуздук боюнча биргелешкен программаларды өнүктүрүү сунушталды.
  • Гуманитардык кызматташтык: ЭКУ өлкөлөрү 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылды.

Жыйындын соңунда мүчө-мамлекеттер кызматташууну кеңейтүү чечимдерин колдоп, кийинки жыйын 2026-жылы Пакистанда өтөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

“Биримдик-Кут” конушуна 2 чакырым кошумча жол курулат

“Биримдик-Кут” конушуна 2 чакырым кошумча жол курулат

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна алып чыгуучу Лебединовка - ГЭС-5 унаа жолун оңдоп-түзөө иштери графикке ылайык кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, узундугу 5,1 чакырымды түзгөн бул жолдун бурулуш тилкелеринде суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу иштери толук аяктады. Чоң Чүй каналынан өтүүчү

Баткенде “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү сунушталды

Баткенде “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү сунушталды

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында ал Баткен облусунун региондук инвестициялык портфелин иштеп чыгуу боюнча жыйынга катышты. Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө өлкө боюнча учурда 158

Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш орду бар

Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш орду бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8248 бош жумуш орду катталган. Эң чоң суроо-талап жумушчу адистиктерге байкалууда. Учурда республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4% түзөт. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 60,2 миң адамга жетсе, алардын 38,7 миңи

13-июнда Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

13-июнда Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

13-июнда Бишкек шаарында салттуу түрдө өтүүчү Night Run түнкү чуркоо марафону өтөт. Ага 3500дөн ашык адам катышат деп күтүлүүдө. Марафон "АЮ-Гранд" соода борборунун жанында башталат. Иш-чара саат 19:30дан 23:00гө чейин өтөт. Бул туууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жарыштын маршруту Шабдан баатыр проспектисинин