Өлкөнүн 16 айыл аймагына жайыттарды жакшыртууга 43,4 млн сом грант берилет
Кыргызстандын 6 облусундагы 16 айыл аймагына жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жалпы 43 млн 441 миң 552 сом грант бөлүнөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, тиешелүү гранттык келишимдерге бүгүн "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ" долбоорунун алкагында кол коюлду.
Гранттык каражаттар жайыттарга баруучу жолдорду оңдоого, көпүрөлөрдү курууга жана калыбына келтирүүгө, мал сугаруучу пункттарды уюштурууга, кудуктарды оңдоого, жайыттарды тосууга жана суу жеткирүүгө жумшалат.
Долбоордун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды жакшыртуу боюнча 22 сунуш берилген. Анын ичинен 16 долбоор жактырылып, калган алтоосунун документтери каралууда.
Грант алуучу айыл аймактары:
- Баткен облусу: А. Масалиев айыл аймагы — 2,86 млн сом; Лейлек айыл аймагы — 2,63 млн сом.
- Жалал-Абад облусу: Кош-Дөбө айыл аймагы — 2,34 млн сом.
- Ысык-Көл облусу: Сады-Аке — 2,75 млн сом; Тору-Айгыр-Тамчы — 2,46 млн сом; Ак-Терек — 2,93 млн сом; Күн-Чыгыш — 2,44 млн сом; Хан-Теңири — 2,85 млн сом; Оргоочор — 2,78 млн сом.
- Нарын облусу: Э. Дайыракун — 3,06 млн сом; Кара-Суу — 2,76 млн сом; Чаек — 2,57 млн сом; Кум-Дөбө — 2,88 млн сом.
- Ош облусу: Отуз-Адыр айыл аймагы — 2,42 млн сом.
- Талас облусу: Бакай-Ата айыл аймагы — 2,86 млн сом.
- Чүй облусу: Суусамыр айыл аймагы — 2,79 млн сом.
Долбоор Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) колдоосу жана Адаптациялык фонддун каржылоосу менен ишке ашырылууда. Анын негизги максаты - жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү жана жайыттарды туруктуу башкарууну өнүктүрүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу