Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү үч эсеге өстү

Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү үч эсеге өстү

Бишкекте өтүп жаткан БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) Экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Абдурахмон Абдурахмонзода менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Абдурахмон Абдурахмонзоданын маалыматына караганда, 2026-жылдын 9 айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 50 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп.

Тажик тарап өз ара сооданы мындан ары көбөйтүүгө, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорунун алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасын даярдоо, кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоо жана өз ара жеткирүүлөрдү кеңейтүү маселелери да каралды.

Бакыт Сыдыков Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсүн мындан ары өстүрүү үчүн пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр арбын экенин белгиледи. Анын айтымында, бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгына кошумча түрткү берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду

Кыргызстан СПЕКАнын трасттык фондуна 1 млн доллар бөлдү

Өлкөнүн 16 айыл аймагына жайыттарды жакшыртууга 43,4 млн сом грант берилет

Акай Кыдыров Президенттике талапкерлигин көрсөттү

Ош шаары АКШдан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады