Аял ишкерлерге 12%дык насыялар бериле баштады

Аял ишкерлерге 12%дык насыялар бериле баштады

“Ишкерликти өнүктүрүү фонду” аял ишкерлерге 12%дык жылдык үстөк менен кредиттерди берүү процессин баштаганын аталган фонд билдирди. 

Ведомстводон белгилешкендей, финансы алууга өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жаткан аялдар, ошондой эле негиздөөчүлөрүнүн 50%дан ашыгы аялдар болгон юридикалык жактар арыз берүүгө укуктуу. Каражат аймактардагы ишкерликти колдоого багытталган. Бишкек жана Ош шаарларында бул пайыздык ставка менен насыялар берилбейт.

Кредит алуу үчүн физикалык жактарда ишкердик патенти же жеке ишкер катары каттоосунун күбөлүгү болушу керек, ал эми юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоо күбөлүгү талап кылынат.

Кредит 50 миң сомдон 3 миллион сомго чейин, 3 жылга чейин берилет жана жеңилдетилген мөөнөттү колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

12% менен насыяларды берүү Азия өнүктүрүү банкы тарабынан аялдардын ишкерлигин кош каржылоо шартында өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 22 миллион сомдук жардамдын негизинде ишке ашып жатат. Ошондуктан фонд да өз каражатынан дагы 22 миллион сом бөлөт. Ошондо аялдар ишкерлигин колдоого бул жеңилдетилген программа боюнча жалпы 44 миллион сом бөлүнөт. 

“Быйылкы жылы 10 ай ичинде 253 аял өз бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн насыя алды. Аларга берилген жалпы насыялык сумма 478 млн 435,9 миң сомду түздү.  Насыя алуу үчүн кызыккан жарандар колл-центрге 0559 956799 номери боюнча же фонддун расмий сайтында көрсөтүлгөн филиалдарына кайрыла алышат”, — делет маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media