Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү былтыр 16,2 млн доллар болгон

Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү былтыр 16,2 млн доллар болгон

Кыргызстан менен Пакистандын экономикалык кызматташтыгы чоң потенциалга ээ экенин “Кабар” агенттигине экономист Кубан Чороев билдирди.

Ал ​Пакистандан Кыргызстанга фармацевтика, кийим-кече, териден жасалган буюмдар, спорттук шаймандар, транспорт каражаттары, айыл чарба продукциялары (картошка, күрүч, чай, цитрус жемиштери) импорттолот.

Ал эми Кыргызстандан төө буурчак, эт консервалары, авиакеросин, дары-дармек, иштетилген тери, мониторлор, проекторлор, учак тетиктери экспорттолот. ​ Ошондой эле эки өлкө энергетика тармагында кызматташат. 

CASA-1000 долбоорунун алкагында эми Кыргызстанга Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Серепчи ​Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда кызматташуунун келечектүү багыттары – туризм, инвестиция тартуу, фармацевтика, билим берүү жана маданияттармагы, жогорку окуу жайлар, стандартташтыруу жана метрология экенине токтолду. 

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү 2024-жылы 16,2 млн долларды түзгөн, импорт – 14,2 млн доллар, экспорт – 1,9 млн доллар. 2020-2024-жылдары соода алакасы 2,3 эсеге жогорулаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media