Мамлекеттик бюджет 9 айда 93 млрд 407 млн сом профицит менен аткарылды

Мамлекеттик бюджет 9 айда 93 млрд 407 млн сом профицит менен аткарылды

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджет 93 млрд 407 млн сом профицит менен аткарылган. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче бул ИДПнын 7,5 пайызына туура келет.

Кирешелер

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн каражаттар, анын ичинде финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттар, олуттуу өсүштү көрсөттү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 138 077,9 млн сомго, же 41,3 пайызга көбөйүп, 472 070,8 млн сомго жетти, бул ИДПнын 38,1 пайызын түзөт.

Чыгашалар

Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары, анын ичинде финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдар да өстү. Январь-сентябрь айларында алар 92 496,8 млн сомго (+32,3% ) көбөйүп, 378 663,8 млн сомду, же ИДПнын 30,5 пайызын түздү.

Бюджеттин аткарылышындагы профицит кирешенин чыгаша бөлүгүнө салыштырмалуу алдыга озуп өсүшү жана ушул жылы мамлекеттин фискалдык позициясынын (экономикалык абалынын) бекемделиши менен түшүндүрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media