Элкарт менен Aлипей + Шанхайда биринчи тесттик сыноо төлөмүн жүргүздү

Элкарт менен Aлипей + Шанхайда биринчи тесттик сыноо төлөмүн жүргүздү

Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт улуттук төлөм системасынын оператору) жана Aлипей+ эл аралык платформасы Алипей+/ELQR интеграциясынын алкагында биринчи тесттик транзакцияны ийгиликтүү өткөрдү. Сыноо Шанхайдагы Алипай+ кеңсесинде Банктар аралык процессинг борборунун төрагасы Алтымыш Туратбековдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү.

Жолугушуу учурунда Aлипайга QR код менен төлөө тесттик сценарийи сыналып көрүлдү. Жыйынтыгы ийгиликтүү болуп, интеграциялоо иши активдүү жана планга толук ылайык жүрүп жатканын тастыктады. Кызматташтыктын бул жаңы этабы кыргыз жарандары жана өлкөгө келген коноктор үчүн санариптик төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 Банктар аралык процессинг борборунун төрагасы Алтымыш Туратбеков биринчи этапта колдонуучулар сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн Aлипай+ аркылуу QR кодду колдонуп тез, ыңгайлуу жана кошумча кадамдарсыз төлөй ала тургандыгын белгиледи. Экинчи этапта долбоор кеңейтилет жана төлөмдөр эки багытта тең кабыл алынат, бул QR төлөмдөрүнүн өз ара кабыл алынышын камсыздайт.

 Эске салсак, сентябрь айында Кытайдын Шанхай шаарында Банктар аралык процессинг борбору жана Alipay+ өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.  

Aлипай+ - Ant International компаниясынын эл аралык санариптик төлөмдөр платформасы болуп саналат. Ал дүйнөдөгү алдыңкы электрондук капчыктарды жана төлөм тиркемелерин бириктирет, 57 өлкөдө жана аймактарда иштейт жана он миллиондогон соодагерлерге кызмат көрсөтөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media