ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоого кандай документтер керек?

ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоого кандай документтер керек?

Мамлекеттик салык кызматы экспорттоочуларга ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо товарды коштоочу документтердин толук топтому болушу керектигин эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, милдеттүү документтерге төмөнкүлөр кирет:

  • экспорттоочу менен алуучунун ортосундагы келишим же контракт;
  • эсеп-фактура;
  • эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз (CMR);
  • таңгактоо баракчалары;
  • СТ-1 формасы боюнча келип чыгуу сертификаты;
  • шайкештик сертификаттары же декларациялар;
  • фитосанитардык же ветеринардык сертификат, ошондой эле үрөн продукциясынын шайкештик сертификаты (азык-түлүк жана айыл чарба продукциясын экспорттоо учурунда).

Бул талаптарды сактоо ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо кечигүү жана башка маселелердин болуусуна жол бербейт.

Экспорттоочу менен алуучунун ортосундагы келишим – бүтүмдүн шарттарын аныктоочу негизги документ. Анда бүтүмдүн предмети, баасы жана жеткирүү шарттары, аткаруу мөөнөттөрү, эсептешүүлөрдүн формасы, ошондой эле тараптардын башка укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.

Эсеп-фактура – товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда таризделүүчү салык документи. Киреше, кыйыр салыктардын суммасы жана башка милдеттүү реквизиттер жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Эл аралык товардык - транспорттук коштомо кагаз (CMR) – эл аралык жүк ташууну тастыктайт жана жүк тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Таңгактоо баракчасы – товардын ар бир партиясын коштоп жүрөт жана жүктүн саны, салмагы жана комплекттүүлүгү боюнча сандык маалымат камтылат. Таңгактоо баракчасынын аркасында партиянын ичиндеги таңгактарды ачпастан мазмунду текшерүүгө мүмкүндүк берет.

СТ-1дин келип чыгуу сертификаты – Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар үчүн, СТ-1 алардын келип чыгышын тастыктайт. Ал ЕАЭБде товардын статусун тастыктоо үчүн же ЕАЭБден тышкары экспорттоодо талап кылынат.

Аны тариздөө үчүн Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы "Кыргызэкспертиза" мекемесине кайрылып, каттоодон өткөндүгү тууралуу документтерди, өндүрүштү тастыктаган документтерди жана материалдарды берүү зарыл. Текшерүүдөн кийин экспертиза актысы түзүлөт. Андан кийин арыз, келишим, электрондук эсеп-фактура жана ишеним кат берилет. СТ-1 сертификаты ар бир өзүнчө товар партиясына берилет.

Шайкештик сертификаттары же декларациялар – ЕАЭБдин техникалык регламенттерине туура келген товарлар үчүн талап кылынат. Документтер "Кыргызстандарт" тарабынан берилет. "Кыргызстандарт" үлгүлөрдү аккредитацияланган лабораторияга жөнөтүп, оң жыйынтык алынса, сертификат же декларация берет.

Фитосанитардык сертификат – өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларды экспорттоодо зарыл. Карантиндик зыянкечтердин жана оорулардын жоктугун тастыктайт. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан берилет. Ар бир партияга таризделет.

Ветеринардык сертификат – жаныбарлардан алынган продукциянын коопсуздугун ырастайт. Экспорттоочу ишканалардын ички реестринде катталып, "Тулпар" тутуму аркылуу арыз бериши керек. Документ "Бирдиктүү терезе" порталы аркылуу берилет. Үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо кошумча экспортко уруксат талап кылынат.

Үрөн продукциясынын шайкештик сертификаты – үрөндөрдүн сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келерин тастыктаган документ.

Бажы органдары ЕАЭБ Бажы кодексинин 108- жана 309-10-беренелерине ылайык салыктарды башкарууну жана бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтерди текшерүүнү жүзөгө ашырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media