КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

2019–2025-жылдары депозиттик базанын өсүшү Депозиттерди коргоо Агенттигинин капиталын олуттуу көбөйттү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жатат. Бул тууралуу КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев  билдирди.

“Депозиттерди коргоо фонду өз каражаттарынын эсебинен туруктуу өсүүнү сактап келе жатат. Ага ылайык, 2025-жылдын он бир айында 1 783 037,0 миң сомго же 23,9% ɵстү. Анын ичинде 937 481,0 катышуучулардын мүчөлүк акыларынын эсебинен жана 845 556,0 миң сом инвестициялык таза кирешенин эсебинен болду. 2025-жылдын 1-декабрына карата Фонддун суммасы 9 253 588,0 миң сомду түздү. 2024-ж. 31-декабрына карата бул сумма 7 470 551,0 сомго барабар болгон.”- деди К.Букуев.

К.Букуевдин айтымында 2025-жылга Депозиттерди коргоо фондунун пландалган суммасы - 9 126 600,0 миң сомду түзгөн. 2025-жылдын 1-декабрына карата бул план 101,4 % аткарылды.

Негизи 2019–2025-жылдар аралыгында банктардын жыйынды депозиттик базасы 60 пайыздан ашык өстү. Калктын депозиттери да, корпоративдик салымдар да көбөйдү. Банктардын АЗДга төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрү депозиттердин көлөмүнө түздөн-түз байланыштуу болгондуктан, депозиттик базанын өсүшү фондго каражаттын агымын автоматтык түрдө көбөйттү. 2019–2025-жылдардын ичинде аманатчыларга толук компенсация талап кылган бир да системалуу мааниге ээ банк банкрот болгон жок.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media