Кыргыз-корей товар жүгүртүүсү жыл аягында 30%га көбөйүшү мүмкүн

Кыргыз-корей товар жүгүртүүсү жыл аягында 30%га көбөйүшү мүмкүн

2025-жылдын август айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн инвестициялар боюнча жаңы мыйзамдарга кол койгонун 2025-жылдын 4-декабрында, керектөө товарлары боюнча корей-борбор азиялык экономикалык кызматташуунун ишкердик аянтчасында Улуттук инвестициялар агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзамдар инвесторлордун корголушун, тең укуктарды жана мамлекет менен бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкын эрежелерин камсыздаган заманбап укуктук базаны түзөт.

“Приоритеттүү тармактарда иштеген инвесторлор үчүн кошумча жеңилдиктер каралган. Кыргыз-корей кызматташуусу туруктуу жана позитивдүү динамиканы көрсөтүп келет. 2024-жылдын декабрында президент Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапары болгон, анын жыйынтыгында экономика, инвестициялар, туризм тармактарындагы кызматташууга багытталган 22 эки тараптуу документке кол коюлган.

Маанилүү багыт катары  “Корея – Жибек жолу” демилгесинин жарыяланышы да болду, бул Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле 2026-жылы Корея Республикасында Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммити өтөрү күтүлүүдө. Бул ири иш-чара узак мөөнөттүү өнөктөштүктү колдоо жана чыңдоонун стратегиялык маселелерин талкуулоого негизги аянтча болот”, – деп билдирди Бикулов.

Кыргызстан менен Кореянын товар жүгүртүүсүнө токтолгон ал, 2024-жылы бул көрсөткүч 455 млн доллардан ашканын айтты. Учурдагы жылдын алгачкы 6 айында көрсөткүчтөр өсүп, 2025-жылдын жыйынтыгында 2024-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүүсү 30%га көбөйөт деп күтүлүп жатат.

“Түз инвестициялардын агымы да көрсөткөндөй, акыркы 5 жылда корей өнөктөштөрүнөн келген инвестициялар 3 эседен көп өстү. Бүгүн биз корей компаниялары Кыргызстанда өз долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып гана тим болбостон, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, капитал рыногун өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды киргизүүгө өнөктөш болушун көздөйбүз”, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media