Питер Шифф менен Чанпэн Чжао талкуусунун кульминациясы кыргыз алтыны болду

Питер Шифф менен Чанпэн Чжао талкуусунун кульминациясы кыргыз алтыны болду

Дубайда кечээ өткөн Binance Blockchain Week 2025 форумунда дүйнөлүк криптоиндустрияны таң калтырган окуя болду. Форумдун негизги— “Улуу дебат: биткоин токенизацияланган алтынга каршы” талкуусу учурунда Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын уютмасын көрсөткөнүн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды  өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов билдирди. 

Талкууга финансы дүйнөсүнүн эки таасирдүү өкүлү — Euro Pacific Asset Management & Schiff Gold компанияларынын негиздөөчүсү, экономист Питер Шифф жана Binance башчысы Чанпэн Чжао катышты. 

Питер Шифф өзүнүн сөзүндө салттуу активдердин артыкчылыгын белгилеп, алтын миңдеген жылдар бою өз наркын сактап келгенин, технологиялык тобокелдикке кабылбаганын жана ишенимдүү сактык инструменти бойдон каларын баса белгиледи.

Чанпэн Чжао талкуунун экинчи тарабы катары реалдуу активдерди санариптештирүү — токенизация технологиясынын революциялык ролуна токтолду. Анын айтымында, токенизация дүйнө жүзүндөгү колдонуучулар үчүн активдердин жеткиликтүүлүгүн, ликвиддүүлүгүн жана ачыктыгын камсыздайт.

Талкуунун кульминациясы Чжао сахнада Кыргызстандын алтын уютмасын көтөрүп чыгып, жаратылыш ресурстары менен блокчейн-технологияларды айкалыштыруу потенциалы жөнүндө айтканда болду. Анын айтуусунда, дал ушундай долбоорлор жергиликтүү активдерди дүйнөлүк рынокко чыгарып, инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Панелдик талкуу форумдун экинчи күнүндөгү эң кызуу темалардын бири болуп, катышуучулар арасында чоң резонанс жаратты. Эксперттер бул талкуу финансылык системанын келечеги салттуу активдер менен токенизация технологияларынын өз ара аракеттешүүсүнүн күчөшүндө (синергия) деген трендди бышыктаганын айтышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media
"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

Сокулуктагы "Кошой" ААК кант заводунда 2 жылдан бери электрондук кезек системасы иштеп жатат. Анын аркасында кант кызылчасын ташыган унаалар кезек күтпөстөн, код аркылуу заводго кирип, кант кызылчасын тапшырып, кайра эгин талаасына барып, бир күндө 2 жолудан каттап жатышат. Борбордук кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Талангутовдун айтымында,

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын

Ишкер Media
Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media