АКШдан быйыл 8 айда Кыргызстанга 13,8 млн доллар которулган

АКШдан быйыл 8 айда Кыргызстанга 13,8 млн доллар которулган

Кыргызстанга АКШдан 2025-жылдын январынан сентябрына чейин 13,8 миллион доллардан ашык акча которуулар түшкөнү Улуттук банктын материалдарында келтирилген.

Белгиленгендей, 2024-жылы АКШдан Кыргызстанга жөнөтүлгөн трансчекаралык жеке акча которууларынын көлөмү 54,9 миллион долларды түзгөн.
Эң жогорку көрсөткүчтөр 2008–2011-жылдары байкалган, ал убакта АКШдан жыл сайын акча которуулар 60 миллион доллардан ашып турган.

2022-жылдан тарта Улуттук банк статистикасына банктык мобилдик колдонмолор жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн которуулар да киргизиле баштаган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу жабылды

Нарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу жабылды

Бишкек – Нарын - Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында айланма жолдо курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Нарын шаарындагы айланма Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаа каражаттарынын жүрүүсүнө 20-июнга чейин

Түптө мыйзамсыз балык уулаган төрт жаран жоопкерчиликке тартылды

Түптө мыйзамсыз балык уулаган төрт жаран жоопкерчиликке тартылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда балык уулоонун эрежелерин бузган төрт жаран аныкталып, аларга тиешелүү чаралар көрүлдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, аймактык башкармалыктын кызматкерлери Ак-Суу жана Түп райондорундагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында рейддик иш-чараларды өткөрүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы суу жээгинен

Өзбекстандан ташылып келген 24,5 тонна пияз артка кайтарылды

Өзбекстандан ташылып келген 24,5 тонна пияз артка кайтарылды

Мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Кең-Сай” фитосанитардык көзөмөл постунда Өзбекстандын алынып келинген салмагы 24,5 тонна болгон пияз текшерилди.  Текшерүүнүн жыйынтыгында жүктө милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталган. Ушуга байланыштуу аталган жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Кальян жайларын мыйзамдаштыруу демилгеси кошумча талкууга жөнөтүлдү

Кальян жайларын мыйзамдаштыруу демилгеси кошумча талкууга жөнөтүлдү

11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кальян жайларынын ишин лицензиялоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору кальян кызматын көрсөтүү тармагын мыйзамдаштырууга, лицензиялык тартип киргизүүгө, ошондой эле санитардык-гигиеналык, өрт коопсуздугу жана башка милдеттүү талаптардын сакталышын камсыздоого багытталган. Талкуу