Кыргызстанда илимий кызматкерлердин айлыктарын жогорулатуу үчүн кошумча каражат бөлүндү

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин айлыктарын жогорулатуу үчүн кошумча каражат бөлүндү

Министрлер Кабинети илимий мекемелердин кызматкерлеринин айлыктарын жогорулатуу үчүн кошумча каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул буйрук 2025-жылдын 13-октябрындагы президенттин жарлыгына жана Бюджеттик кодекстин нормаларына ылайык ишке ашырылат.

Документке ылайык,  Каржы министрлигине республикалык бюджеттен төмөнкү суммадагы каражаттарды которуу милдеттендирилди:

  • 19 млн 239,2 миң сом — Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине;
  • 113 млн 690 миң сом — Президенттин алдындагы Улуттук илим академиясына.

Бул каражаттар 2025-жылы илим кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүгө багытталат.

Каржы министрлиги аталган өзгөртүүлөрдү "2025-жылга республикалык бюджет жана 2026–2027-жылдарга болжолдуу мезгил жөнүндө" мыйзамга киргизүүдө эске алууга милдеттүү. Ошондой эле ведомство жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин профильдик комитетине буйруктун аткарылышы тууралуу маалымат бериши зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек аренада” башталып, негизги бөлүгү 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндардын расмий программасы бекитилип, ага спорттук мелдештерден тышкары маданий жана илимий иш-чаралар да киргизилди. Иш-чаранын негизги аянтчалары * Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору: 1–6-сентябрга

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине акыркы беш жарым жылда түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү өлкөнүн буга чейинки 30 жылда чогулган салыктын суммасынан ашты. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салыктык төлөм түшкөн. Ал эми 1991–2020-жылдары, башкача айтканда, 30

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5