Кытайдан келген цемент ташуучу унааларда товарларды жашыруу фактысы аныктады

Кытайдан келген цемент ташуучу унааларда товарларды жашыруу фактысы аныктады

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы тарабынан бажы мыйзам бузууларын алдын алууга жана болтурбоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынан «Ц.С» ЖЧКсынын дарегине бара жаткан чиркегичтүү алты унаа (цемент ташуучу унаалар) кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

​Билдирүүгө караганда, «Дордой» базарынын аймагында чет элдик белгисиз адамдар каптарга салынган декларацияланбаган товарларды түшүрүшкөн. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө цемент ташуучу унаалардын атайын бөлүктөрүндө автоунаа тетиктери жана тиричилик буюмдары катары аныкталган декларацияланбаган товарлар бар экени аныкталган.

​Андан тышкары, унааларды карап чыгууда чиркегичтердин идентификациялык номерлеринин (VIN коддорун) өзгөртүлгөнү аныкталган, бул унаалардын чыгарылган жылы жөнүндө билдирилген маалыматтардын аныктыгына таасир этиши мүмкүн жана бажы төлөмдөрүнөн качуу аракетин көрсөтүп турат.

Учурда тиешелүү экспертизалоо, ошондой эле келтирилген зыянды баалоо жүрүп жатат, андан кийин материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.

0:00
/1:28

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media