Президент УТРКны реконструкциялоону толук аяктоого каражат табуу тапшырмасын берди

Президент УТРКны реконструкциялоону толук аяктоого каражат табуу тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров кечээ капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барып, УТРКнын жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып чыкты.

Эске салсак,  УТРКнын стратегиялык маанисин жана анын туруктуу иштешин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен президент Садыр Жапаров 2023-жылы УТРКнын инфратүзүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүү тапшырмасын берген.


Жүргүзүлгөн иштердин алкагында радио борбордун, редакциялык жана көркөм цех корпустары, административдик блоктун жана аппараттык-студиялык комплекстин фасады толук жаңыланган.

Ашкана кеңейтилип, он жылдан ашык пайдаланылбай келген эски кинозал заманбап көп функциялуу конференция залына айландырылган. Ошондой эле ардактуу конокторду кабыл алуу үчүн VIP-бөлмө жаңыртылган.

УТРКнын башкы директору Улан Сатиев учурда студияны модернизациялоо жана залдын акустикасын жакшыртуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле телерадиокорпорациянын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө оңдоо иштерин аягына чыгаруу кажет.

Президент Садыр Жапаров телеберүү жана радиону техникалык модернизациялоонун алкагында жабдууларды мурда каралгандай төрт жылда эмес, бир жыл ичинде сатып алуу маанилүү экенин баса белгилеп, УТРКны реконструкциялоону толук бүтүрүү үчүн зарыл каражаттарды табууну тапшырды. Ал каражаттарды узак мөөнөткө созуп өздөштүрүү техниканын эскиришине алып келип, модернизациянын натыйжалуулугун төмөндөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media