Шахимардан сугат системасын реконструкциялоо 11-декабрда башталат

Шахимардан сугат системасын реконструкциялоо 11-декабрда башталат

Кадамжай районундагы Мухтар Нургазиев атындагы магистралдык каналдын башкы суу алуу түйүнүндө 11-декабрда "убакыт капсуласын" салуу аземи өтөрүн Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул долбоор региондун айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Шахимардан ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун башталышын туюндурат.

Аземге вице-премьер-министр — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, министрдин орун басары — суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жееналиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Хью Ридделл, долбоор жетекчиси Уланбек Төрөгелдиев, ошондой эле облустук жана райондук суу чарба кызматтарынын, подрядчы жана консалтинг уюмдарынын жетекчилери катышат.

Системаны жаңылоого 425,5 млн сом каралган. Курулуш иштери Кадамжай районунун эки айыл аймагын жана бир шаарды камтыйт. Жалпы узундугу 35,2 км болгон каналдын  25,67 километри толук реконструкцияланат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек аренада” башталып, негизги бөлүгү 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндардын расмий программасы бекитилип, ага спорттук мелдештерден тышкары маданий жана илимий иш-чаралар да киргизилди. Иш-чаранын негизги аянтчалары * Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору: 1–6-сентябрга

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине акыркы беш жарым жылда түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү өлкөнүн буга чейинки 30 жылда чогулган салыктын суммасынан ашты. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салыктык төлөм түшкөн. Ал эми 1991–2020-жылдары, башкача айтканда, 30

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503