Акча алмашуу бюролорунун өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурулду

Акча алмашуу бюролорунун өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурулду

КРнын Улуттук банкы жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы  менен биргеликте алмашуу бюролорунун кызматкерлери үчүн кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө атайын окутуучу семинар өткөрүштү.

Улуттук банктын маалыматына караганда, семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана КРнын мыйзамдарынын негизги талаптарын сактоо тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча зарыл иш-чаралар, алмашуу бюролору үчүн кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча суроолорго жооп берилип, статистика боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Иш-чарага Улуттук банктын, алмашуу бюролорунун жана Альянстын өкүлдөрү катышышты.  

Мындан тышкары окуңуз

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго

Ишкер Media
Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media