Кыргызстанда Санарип кодекси кабыл алынды

Кыргызстанда Санарип кодекси кабыл алынды

2025-жылдын 10-декабрында кибер-юридикалык форумда санариптик мыйзамдарды иштеп чыгуу консорциумунун алдыңкы өнөктөшү Татту Мамбеталиева Кыргызстанда Санарнип кодекси кабыл алынганын маалымдады. Бул кодекс технологияларды жана цифралык маалыматтарды жөнгө салуунун жаңы эрежелерин киргизет.

Мамбеталиеванын айтымында, кодекс технологиялык нейтралдуулукту негиздеп, бизнеске технологияларды өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгүн берет жана  маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү принциптеринин пайдасына административдик жөнгө салуудан четтейт.

Документте телекоммуникация сектору, маалыматтарды иштетүү борборлору, булут сервистери, санариптик тиркемелер жана экосистемалар үчүн укуктук жөнгө салуу каралган. Ошондой эле кодексте маалыматка, анын ичинде жеке, мейкиндиктик жана технологиялык маалыматка өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, мыйзам колдонуучулардын идентификациясы менен аутентификациясын так ажыратып көрсөтөт, санариптик документтердин укуктук маанисин аныктайт жана мамлекеттик органдар менен бизнес арасындагы маалымат алмашууну колдойт.

"Санариптик кодекс технологиялардын жана санариптик сервистердин эркин өнүгүүсүнө шарт түзөт, ал эми маалыматтар — санариптик башкаруунун борбордук элементи", — деди Т. Мамбеталиева.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media