Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жыл башынан бери 127,6 млн сомдон ашык кенемте төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жыл башынан бери 127,6 млн сомдон ашык кенемте төлөдү

11 айда жарандарга жалпы 127 млн 653 миң сом кенемте төлөнгөнүн жана бул көрсөткүч мамлекеттик камсыздандыруу системасынын ишенимдүү жана туруктуу ишке ашып жатканынын белгиси экенин Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.

Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр:
- Жалпы учурлар: 236
- Төлөнгөн сумма: 30 млн 561 миң сом
- Өрт кырсыгына кабылгандар: 145 үй
- Өрт боюнча төлөм: 27 млн 580 миң сом.

Салыштырсак, 2024-жылы жалпы кенемте 69 млн 554 миң сом болгон. Бир жыл аралыгында төлөмдүн көлөмү дээрлик эки эсеге өскөн.

ОСАГО (автожарандык укукту милдеттүү камсыздандыруу) боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү:
- Жол кырсыгына кабылган учурлардын саны: 758
- Жалпы төлөм: 71 млн 838 миң сом.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан белгилешкендей, камсыздандыруу күтүүсүз кырсыктардан кийинки чыгымдарды азайтууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек аренада” башталып, негизги бөлүгү 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндардын расмий программасы бекитилип, ага спорттук мелдештерден тышкары маданий жана илимий иш-чаралар да киргизилди. Иш-чаранын негизги аянтчалары * Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору: 1–6-сентябрга

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине акыркы беш жарым жылда түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү өлкөнүн буга чейинки 30 жылда чогулган салыктын суммасынан ашты. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салыктык төлөм түшкөн. Ал эми 1991–2020-жылдары, башкача айтканда, 30

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5