Кыргызстан ишкерлери келечекте Иркутск облусунун компаниялары менен кызматташат

Кыргызстан ишкерлери келечекте Иркутск облусунун компаниялары менен кызматташат

Кыргызстан жана Өзбекстандан келген ишкерлердин катышуусундагы реверстик бизнес-миссия Орусиянын Иркутск шаарында болуп өткөнүн Иркутск облусунун губернаторунун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара "Натыйжалуу жана атаандаш экономика" аттуу улуттук долбоордун алкагында уюштурулуп, Иркутск облусунун бизнеси менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн компанияларынын ортосунда жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган.

Кыргызстан жана Өзбекстан делегациясына азык-түлүк жана ичимдиктер өндүрүшү, курулуш материалдары жана металл конструкциялары, өнөр жай жана тоо-кен жабдууларын чыгаруу, ошондой эле токой чарба жана жыгач иштетүү тармактарындагы компаниялар кирди. Иркутск облусунан ушул эле тармактар боюнча 30дан ашык компаниянын өкүлдөрү катышты.
"Иркутск облусу быйыл 90дон ашык өлкө менен кызматташты. Өзбекстан жана Кыргызстан менен болгон кызматташтыктын үлүшү азырынча чоң эмес, бирок биз келечектеги өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турабыз, айрыкча машина куруу, агрардык өнөр жай тармактарында. Өкмөт, экономика жана өнөр жай министрлиги ачык диалогго даяр. Бул жолугушуу өлкөлөрүбүздүн ортосунда жаңы ишкердик мамилелердин башаты болот деп ишенебиз", - дейт Иркутск облусунун экономика жана өнөр жайды өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Виктор Цишковский.

"Мой бизнес" борборунун директору Диляра Окладникованыын айтымында, Россия, Кыргызстан жана Өзбекстанды жалпы тарых жана тил бириктирет. "Бул конструктивдүү диалог курууда чоң роль ойнойт. Иркутск облусунун ишкерлери КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу мамилелерди түзөрүнө ишенем",-дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media