Өзбекстанга 11 айда 10,7 млн турист кирип, туристтик кызмат экспорту 4,4 млрд долларды түзгөн

Өзбекстанга 11 айда 10,7 млн турист кирип, туристтик кызмат экспорту  4,4 млрд долларды түзгөн

Өзбекстандын туристтик сектору туруктуу жана жогорку темпте өнүгүп жатканын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматта, 11 айда өлкөгө 10,7 млн чет элдик турист келсе, алардын ичинен дээрлик 3 миллиону Кыргызстандан келгени айтылат. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 114%га көп. Туристтик кызматтардын экспорту 4,4 млрд долларын түзүп, 144%дык өсүшкө жеткен.

Ошондой эле "Өзбекстанды кыдыр" программасынын алкагында жарандар 23,7 млн ички сапар жасаган. Бул пландын 114,8%га аткарылганын билдирет. Өлкө аймактарында 954 жаңы мейманкана жана жайгашуу объектиси пайдаланууга берилген. Натыйжада мындай объектилердин жалпы саны 6 861ге, номердик фонд 183,9 миң орунга жетти.

Тармактагы ишкердик да кеңейип, быйыл 662 жаңы компания жана турагенттик ачылып, туристтик кызмат көрсөтүүчү субъектилердин жалпы саны 4 348ге жеткен. Гид-экскурсоводдордун саны 4 345ке жетип, быйыл кошумча 375 адис даярдалган.
Ишкерлерге берилген сунуштардын негизинде 784 санитардык-гигиеналык пункт иретке келтирилген. Инвестициялык чөйрөдө 421 долбоор ишке ашырылып, алардын алкагында 6 313тен ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media