Токтогулда 19 млн сомго мал соючу жай, соода логистикалык борбор курулду

Токтогулда 19 млн сомго мал соючу жай, соода логистикалык борбор курулду

Токтогул шаарында заманбап мал союучу жай жана соода-логистикалык борбор ишке киргенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жеке ишкер Зуура Раханова тарабынан райондук өнүктүрүү фондуна 2 млн 750 миң сомдук долбоор сунушталып, байкоочу кеңеш тарабынан жактырылган. Долбоорду каржылоого зарыл каражат толук бөлүнгөн. Ишкердин өздүк салымы 5 млн 395 миң сомду түзгөн.

Жыйынтыгында курулуш иштери 8 млн 147 миң сомго толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул ишкана мындан ары ветеринардык жана санитардык талаптарга ылайык кызмат көрсөтүп, жарандардын муктаждыктарын камсыздоого шарт түзөт.

Ошондой эле Токтогул шаарынын тургуну, жеке ишкер Бактыгүл Осмонова тарабынан 260 тонналык соода-логистикалык борбордун ачылышы да өттү. Долбоор облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каралып, 7 млн сом, ал эми райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн сом бөлүнгөн. Ишкердин өздүк салымы 2 млн сомду түзүп, жалпы курулуш наркы 11 млн сомду түздү.

Соода-логистикалык борбордун ишке кириши менен дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын талаптагыдай шартта сактап, жоготуусуз сатууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте жеке автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим мэрдин орун басары Рамиз Алиев төрагалык кылган Жолдор боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Улуттук банк өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугу боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү аяктады. Жыйынтык мекеменин сайтына жарыяланды. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Улуттук банк белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, объекттин жалпы наркы 164 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда жаңы

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү