Евробиримдигинде 10 жыл ичинде импорттолгон товардын көлөмү 100 млрд долларга жеткен

Евробиримдигинде 10 жыл ичинде импорттолгон товардын көлөмү 100 млрд долларга жеткен

Акыркы он жыл ичинде Евразия экономикалык биримдигинде импорттолгон сооданын көлөмү эки эсеге өсүп, 100 миллиард долларга жеткен. Ошол эле учурда биримдик ичиндеги сооданын үлүшү 15 пайыз деңгээлинде калган. Кыргызстан үчүн өз ара сооданын 98%ы Россия менен Казакстанга туура келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Москвадагы биримдиктин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Армения жана Беларус ортосундагы соода потенциалы жетиштүү ачыла электигин айтты. Өз ара сооданын түзүмүн кеңейтүү, технологияларга жеткиликтүүлүктү күчөтүү жана заманбап өндүрүш чынжырларын түзүү зарылдыгы белгиледи. Илимий-техникалык кызматташтыктын жана инновацияларды киргизүүнүн маанилүүлүгү да баса белгиленди.

Ички транспорттук коридорлор жана бажы пункттарынын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу экономикалардын туруктуулугу үчүн негизги факторго айланып баратканын Адылбек Касымалиев кошумчалады.

Анын маалыматына караганда, ЕАЭБде электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча жол картасы жана Бажы кодексине өзгөртүүлөр боюнча иш уланууда. Учурдагы нормалар өсүп жаткан электрондук сооданын өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде салык салуу маселелерин жана маркетплейстер аркылуу жөнөтүлгөндө алуучуну аныктоо тартибин эске албайт. Бул маселелерди ЕЭКке дыкат карап чыгуу сунушталды.

ЕАЭБдин жалпы рыногунун эффективдүүлүгүн арттыруу жана төрт эркиндикти — товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана эмгек күчүнүн эркин кыймылын камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленди. Министрлер кабинетинин төрагасы ишкерлер биримдиктин бардык аймагында бирдиктүү эрежелерге жана унификацияланган процедураларга жеткиликтүү болушу керек экенин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media