Кыргызстан мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүүгө даяр

Кыргызстан мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүүгө даяр

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-декабрда Түркмөнстандын туруктуу нейтралитетинин 30 жылдыгына арналган "Тынчтык жана ишеним: Туруктуу келечек үчүн бирдиктүү максат" аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөгөнүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Энергетика жана биргелешкен долбоорлор

Президенттин айтымында, Түркмөнстан ишке ашырып жаткан газ жана энергетикалык долбоорлор аймактагы энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатып, экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Ал өзгөчө эки өлкө ортосундагы электр энергиясын жеткирүү жаатындагы кызматташууну белгиледи.

Жапаров ошондой эле транспорт жана логистика тармагындагы чоң потенциалды айтып, Кыргызстан көп формалуу (мультимодалдык) маршруттарды өнүктүрүүгө, бар болгон коридорлорду кеңейтүүгө жана жаңы логистикалык чынжырларды түзүүгө даяр экенин билдирди. Бул контекстте ал өзгөчө мааниге ээ долбоорлор катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун жана Камбар-Атин ГЭС-1 курулушун атады.

БУУ резолюциясы жана регионалдык коопсуздук

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын 2025-жылды Тынчтык жана ишенимдин Эл аралык жылы деп жарыялоо боюнча БУУ резолюциясын демилгелегенин эске салып, Кыргызстан анын активдүү жактоочусу жана демилгечилеринин бири болгонун белгиледи. Ошондой эле Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуу форматын өнүктүрүүдөгү Түркмөнстандын ролун белгилеп өттү.

Президент Жапаров 2025-жылы Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан толук тактап бүткөнүн да айтып, бул кадам регионалдык коопсуздукка кошулган салым жана тынчтык менен ак ниет коңшулук саясаттын далили экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media