Кыргызстан–Түркия соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларды түздү

Кыргызстан–Түркия соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларды түздү

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара Соода палатасынын (ATO) төрагасы Гүрсел Баран менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы туруктуу өсүп жатканын баса белгилешти.

TÜİK расмий маалыматтары боюнча, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүсү 1,2 млрд долларга жеткен.

Жолугушууда элчи Казакбаев кыргыз органикалык продукцияларын Түркиянын ири соода түйүндөрүнө чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүү экенин белгилеп, айыл чарба тармагы боюнча кызматташууну күчөтүүнү сунуштады. Ошондой эле ал Гүрсел Баранды Кыргызстанга келүүгө чакырды. ATO жетекчиси 2026-жылы бул сапарды уюштурууга даяр экенин билдирди.

Андан соң EkoAvrasya фондунун колдоосу менен түрк ишкерлерине атайын презентация болуп өттү. Иш-чарага Хикмет Эрен баштаган 40ка жакын ишкер катышты. Элчи катышуучуларга Кыргызстандагы инвестициялык шарттар, жеңилдетилген салык режими, преференциялар жана ЕАЭБ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ал 2025-жылдын алты айында Түркиядан келген түз инвестициялар 100 млн долларга жакындаганын белгилеп, бул Кыргызстанга болгон ишенимдин өсүшүн көрсөтөрүн айтты.

Жолугушууда жаңылануучу энергетика, логистика, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарындагы кызматташуу өзгөчө талкууланды.

Жыйынтыгында элчи Казакбаев түрк ишкерлерин Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырып, бардык зарыл колдоолор көрсөтүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media
Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media
Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты. Комплекстин жалпы наркы

Ишкер Media
РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна

Ишкер Media