"Мээнет" чарбасы 120 гектар жерди ийгиликтүү иштетип жатат

"Мээнет" чарбасы 120 гектар жерди ийгиликтүү иштетип жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишке ашырып жаткан 30+20+10 долбоору аймактарда реалдуу натыйжаларды берүүдө. Анын ийгиликтүү мисалдарынын бири — Ысык-Ата районунда жайгашкан “Мээнет” дыйкан чарбасы.

“Мээнет” чарбасы 120 гектар айдоо аянтына ээ. Анын 70 гектары сугат, 50 гектары кайрак жер. Чарбада Т-150, МТЗ-80 тракторлору, Е-281 жана Е-303 комбайндары, кампа иштеп турат. Негизги багыт — көп жылдык чөптөр, буудай жана арпа.

Министрликтин өсүмдүк өстүрүүнү жакшыртуу жана ресурстарды үнөмдөө багытындагы 30+20+10 долбоору учурда чарбада активдүү ишке ашууда. Долбоордун алкагында төмөнкү багыттар боюнча практикалык жардам көрсөтүлүүдө:

  • өсүмдүктөрдү туура тандоо,
  • туура үрөн сортторун сатып алуу булактары,
  • жер семирткичтердин көлөмүн так эсептөө,
  • топурактын анализин жүргүзүү жана жыйынтыгын түшүндүрүү,
  • тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын колдонуу,
  • нымдуулукту топтоо жана кургакчылыкка туруктуу технологиялар боюнча кеңештер.

Министрлик белгилегендей, быйыл суунун аз болушу күтүлүүдө, ошондуктан чарбага сууну үнөмдөөчү ыкмалар өзгөчө сунушталууда. Топурактын нымын сактоо, ысыкка чыдамкай сортторду тандоо боюнча адистер тарабынан үзгүлтүксүз консультациялар жүрүүдө.

Бекжан Бообеков белгилегендей, долбоор чарбанын өндүрүмдүүлүгүн арттырып, туура агротехникалык чечимдерди кабыл алууга чоң жардам болууда. “Биз үчүн бул долбоор – практикалык колдоо жана жаңы технологияларга өтүүнүн мүмкүнчүлүгү”, — дейт чарба жетекчиси.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media