Салмак-тыш өлчөмдүк көзөмөлдөн 11 айда казынага 412,7 млн сом түштү

Салмак-тыш өлчөмдүк көзөмөлдөн 11 айда казынага 412,7 млн сом түштү

2025-жылдын январь–ноябрь айларында салмак-тыш өлчөмдүк көзөмөлдөн бюджетке 412 млн 742,5 миң сом түштү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда (112 млн 185,3 миң сом) 3 эсе көп. Бул тууралуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин материалдарында айтылат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, түшкөн каражаттын түзүмү төмөнкүдөй:
  • Зыянды жана чыгымды калыбына келтирүү — 14 млн 487,3 миң сом (2024-жылдын ушул мезгилинде — 6 млн 672,1 миң сом). Өсүү — 2,1 эсе.
  • Салмак-тыш өлчөм параметрлерди таразалоо жана өлчөө үчүн алынган төлөмдөр — 7 млн 967,1 миң сом (2024-жылы — 1 млн 979,4 миң сом).
  • Бөлүнбөс ири жана оор жүктөрдү ташууга берилген атайын уруксаттар үчүн төлөмдөр — 308 млн 852,1 миң сом (2024-жылы — 52 млн 427,4 миң сом). Өсүү — 5,8 эсе.
  • Көп жолу пайдаланылуучу атайын уруксаттар үчүн төлөмдөр — 4 млн 956,8 миң сом (2024-жылы — 5 млн 469,9 миң сом).

Маалыматта белгиленгендей, түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү салмак-тыш өлчөмдүк нормаларды көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле атайын уруксаттарды берүүнүн көбөйүшү менен байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media