Бишкекте робототехника боюнча регионалдык чемпионат болду

Бишкекте робототехника боюнча регионалдык чемпионат болду

13–14-декабрда Бишкек шаарындагы Maarif мектебинин базасында Европа биримдиги тарабынан каржыланган Connectivity долбоорунун алкагында FIRST Bishkek 2025 робототехника боюнча регионалдык чемпионат өткөрүлдү.

Иш-чарага Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан, ошондой эле Казакстандын мектептеринен келген 350дөн ашык окуучу катышты.

Окуучулар STEAM багыттары, инженерия, программалоо жана робототехника жаатындагы өздөрүнүн билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Чемпионаттын алкагында командалар төмөнкү үч категория боюнча таймашты:

  • FLL Explore (7–10 жаш);
  • FLL Challenge (10–13 жаш);
  • FTC (14–17 жаш).

FIRST Bishkek 2025 чемпионаты Кыргыз Республикасында инклюзивдүү жана инновациялык билим берүүнү колдоого, ошондой эле XXI кылымдын компетенцияларын, анын ичинде санариптик жана экологиялык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган Европа биримдигинин аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Мелдештин жеңүүчүлөрүнүн арасында төмөнкү окуу жайлардын окуучулары бар:

  • Кара-Балта шаарындагы №6 орто мектеп;
  • Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 орто мектеп;
  • Балыкчы шаарындагы Л. Толстой атындагы №1 орто мектеп;
  • Бишкек шаарындагы №5 орто мектеп;
  • "Маариф" жана "Эпсилон" мектептери.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media