Кыргызстан ИДП көлөмү 1 трлн 628 млрд 6 млн сом болду

Кыргызстан ИДП көлөмү 1 трлн 628 млрд 6 млн сом болду

2025-жылдын январь–ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала баалоо боюнча 1 триллион 628 миллиард 6 миллион сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын жана анын аймактарынын социалдык-экономикалык абалы негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү.

Назира Керималиева билдиргендей, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу ИДП 10,2%га өстү.

"Мында ИДПнын өсүшүнө товар өндүрүшү тармагындагы жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү көлөмдөрдүн көбөйүшү таасир этти. ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына туура келип, алардын жалпы көлөмдөгү үлүшү 49,3%ды түздү", — деп билдирди комитеттин өкүлү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Кипр кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-кипр кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен төрт документке кол койду

XXIX Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын делегациясы бир катар иш-чараларга катышып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган жаңы келишимдерди түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" борбору россиялык өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча төрт документке кол койду. 4-июнда Санкт-Петербург соода-өнөр жай

Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя – Нефти – Пром – Үч-Мазар – Дөш унаа жолун кеңейтүү иштери дээрлик аяктап, учурда шагыл төшөө жумуштары жасалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда бул жолдун туурасы болгону 7 метр болуп, тар жана асфальтталбаган жол болгон. Азыр ал 10-12 метрге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жаңы редакциядагы мыйзам жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын камсыздоого багытталган. Ошондой эле кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жаатындагы өз ара мамилелеринин укуктук