Кыргызстанда PMI индекси экономиканын оң нукта өнүгүп жатканын көрсөттү

Кыргызстанда PMI индекси экономиканын оң нукта өнүгүп жатканын көрсөттү

Кыргызстанда “Кепилдик Фонду” ААКсы жана Финансы министрлиги тарабынан ишкердик жигердүүлүгүнүн индекси (PMI) боюнча кезектеги изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу “Кепилдик Фондунун” маалымат кызматы кабарлады.

PMI индекси экономиканын учурдагы абалын реалдуу убакыт режиминде баалоого мүмкүндүк берген негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Анын жыйынтыктары ишкерлер, аналитиктер жана мамлекеттик органдар үчүн маанилүү маалымат булагы катары кызмат кылат.

Изилдөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан чакан, орто жана ири бизнести өкүлчүлүк кылган 946 ишкер катышты. Респонденттердин 83%ы Талас, Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынан болсо, 17%ы Бишкек жана Ош шаарларынан болду. Тармактык түзүмдө айыл чарба (45%), соода (21%), кызмат көрсөтүү (16%), өнөр жай (8%), транспорт (5%) жана курулуш (5%) тармактары басымдуулук кылды.

PMI индекси алты негизги компоненттин негизинде эсептелет. Алар — жаңы буйрутмалар, өндүрүш көлөмү, иш менен камсыз кылуу, жеткирүү мөөнөттөрү, кампа запастары жана каржылык шарттар. Индекстин 50 пункттан жогору болушу ишкердик активдүүлүктүн өсүшүн, ал эми 50 пункттан төмөн болушу анын төмөндөшүн билдирет.

2025-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча PMI 58,5 пунктка жетип, Кыргызстандын экономикасында оң динамика сакталып жатканын көрсөттү.

Белгилей кетсек, буга чейин “КФ” ААКсы жана Финансы министрлиги тарабынан 2024-жылдын октябрь айында жана 2025-жылдын март айында да PMI индекси боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Ал эми PMI индекси өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөрү боюнча толук маалыматты "Кепилдик Фондунун" сайтынан таанышууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media