Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Кыргыз почтасынын" үлүшүн 83,02%га көбөйттү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Кыргыз почтасынын" үлүшүн 83,02%га көбөйттү

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги "Кыргыз почтасы" ААКнын уставдык капиталындагы үлүшүн 83,02%га чейин көбөйткөнүн жана акционерлердин реестриндеги тиешелүү өзгөртүүлөр 2025-жылдын 3-декабрында күчүнө киргенин Economist.kg сайты жазды.

Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, ведомствого таандык баалуу кагаздардын саны 4 млн 626 миң 393 даанадан 4 млн 669 миң 737 даанага чейин өскөн.

Акчалай эсептегенде мекеменин акциялар пакетинин наркы 2,31 млрд сомдон 2,33 млрд сомго чейин көбөйдү.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда эки күн ичинде түндө көчөдө жүргөн 101 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда эки күн ичинде түндө көчөдө жүргөн 101 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында "Өспүрүм-түн" аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда эки күндө түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосуз жүргөн 101 өспүрүм аныкталган. Аталган өспүрүмдөрдүн

Бишкекке акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

Бишкекке акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

Бишкек шаарына акыркы эки жылда 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция тартылды. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, тартылган каражаттар коммуналдык жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, калдыктарды кайра иштетүүгө, көп функционалдуу комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди жаңылоого багытталууда. Учурда Бишкекте бир катар ири

Манас шаарында газдалган суусундук сатуучу жайлардын коопсуздугу текшерилди

Манас шаарында газдалган суусундук сатуучу жайлардын коопсуздугу текшерилди

Манас шаарында газ баллону жана газ жабдуулары колдонулган газдалган суусундук сатуучу жайларда коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө газдалган суусундук сатуучу аппараттардын техникалык абалы жана коопсуздук талаптарына шайкештиги каралды. Жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сатуучуларга эскертүүлөр берилип, аларды оңдоо үчүн 15

Бишкекте орточо эмгек акы 64 293 сомду түздү

Бишкекте орточо эмгек акы 64 293 сомду түздү

Бишкек шаарында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында номиналдык орточо айлык эмгек акы 64 293 сомду түздү. Бул 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, жылдын биринчи жарымында борбор калаада 76 млрд 4 млн сомдук өнөр