Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Кыргызстандын, Кытайдын курулуш материалдарын чыгарган компаниялары жолугушту

Экономика министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Үрүмчү шаарында Курулуш министрлиги менен биргеликте кыргызстандык жана кытайлык курулуш материалдары боюнча компаниялардын жолугушуусун уюштурганын Экономика министрлиги маалымдады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага түз жеткирүүлөрдү жолго коюу жана курулуш материалдарын жаңыртуу маселелерин карап жаткан 30дан ашуун ири кыргыз курулуш жана девелопердик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан Үрүмчү шаарынан курулуш материалдарын жана ар кандай жабдыктарды өндүргөн 70тен ашуун компания өкүлдөрү катышты.

Уюштуруучулар жолугушуунун негизги максаты катары эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз диалог үчүн аянтча түзүүнү белгилешти. Катышуучулар өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү, техникалык мүнөздөмөлөрдү жана стандарттарды, ошондой эле жеткирүүнүн логистикалык схемаларын талкуулашты. Экономика министрлиги түз байланыштар Кыргызстандын курулуш тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана технологиялык жаңылануусун колдоого тийиш экенин белгиледи.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан ыйгарым укук берилген "Кыргыз-Кытай (СУАР) соода-экономикалык кызматташтык борборунун" ишмердүүлүгүнүн алкагында өткөрүлдү. Белгиленгендей, борбордун иши Соода өкүлчүлүгү менен биргеликте мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media